Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутатын коомчулукту адаштырып, муниципалдык кызматтарды каралабоого чакырат.
Маалымат катары, бүгүнкү күндө 800 миңдей шаар тургундары коммуналдык кызматтар үчүн мэрияга төлөм жасайт. Бирок, Бишкек шаарында болжол менен 1,5 миллион адам жашайт.
Ошондуктан, борбор калаанын мэриясы бирдиктүү квитанция системасын киргизүү боюнча кеңири иш-чараларды баштады, ал аркылуу шаар тургундары бир эле баскыч менен бардык коммуналдык кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул иштин жүрүшүндө жаңы абоненттер табылып, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү жөнөкөйлөтүү ишке ашырылды.
Жашоочулардын санынын көбөйүшү боюнча тиешелүү кызматтар, үй-коммуналдык башкаруучулар же кварталдык жетекчилер тарабынан актылар түзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаралып жаткан суроолору боюнча муниципалдык ишканаларга кайрылып, так маалымат алууга жана маселени жеринде чечүүгө чакырат.
Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын мэриясы кээ бир кетирилген каталар үчүн, шаар тургундарын тиешелүү бир уюмга кайрылып, жашаган адамдын так санын алуу керек экендигин белгилейт. Бул маалымат бирдиктүү реестрге киргизилип, калган муниципалдык – «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы», «Бишкекшаарлифт», «Бишкексууканал» жана «Тазалык» ишканаларына берилет.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сизде бирдиктүү төлөм квитанциясы боюнча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефон номуларга кайрылыңыз:
«Тазалык» МИ:
•Ленин району боюнча: 34 50 41;
•Октябрь району боюнча: 34 48 41;
•Биринчи май району боюнча: 34 51 13;
•Свердлов району боюнча: 34 47 33.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИ: 61 09 83, 61 11 14, 61 13 67, 61 11 69 телефон номурларына же 1980 кыска номерине.
"Бишкекжылуулукэнерго” МИ: 21 28 45 и 21 28 47
«Бишкекшаарлифт» МИ: 31 44 51.
«Бишкексууканал» МИ:
•1533;
•Ленин району боюнча: 56 60 12;
•Октябрь району боюнча: 59 51 61;
•Свердлов району боюнча: 59 55 90;
•Биринчи май району боюнча: 56 60 86;
•Айыл-аймактар (ААР): 59 55 28.