"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы бүгүн, 2025-жылдын 15-январында тышкы абанын температурасы жылуу болгонуна байланыштуу №7 насостук станцияда оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Аталган иштер 13-январда Көк-Жар кичи районундагы 7-Апрель көчөсүндө катталган түтүктүн жарылуусунун кесепетинен келип чыккан кемчиликтерди жоюуга багытталган.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде шаардын түштүк бөлүгүндө, анын ичинде №5, 6, 7, 11, 12 кичи райондорунда жана Асанбай кичи районунда ысык суу жана жылуулуктун параметрлери убактылуу төмөндөшү мүмкүн.
Бул иш-чаралардын максаты – резервдеги жабдууларды калыбына келтирүү, гидравликалык режимди жакшыртуу жана суук мезгилде керектөөчүлөрдү жылуулук менен ишенимдүү камсыздоо.
Оңдоо иштери күндүзгү убакта, саат 11:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн аймакта жылуулуктун параметрлери толук калыбына келтирилгенге чейин уланат.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.