Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 13-январында саат 18:00дө Бишкек шаардык мэриясынын санариптик инфратүзүмүнө тышкы интернет тармагынан DDoS чабуулдары катталганын билдирет.

Ошондуктан, азыркы убакка чейин санариптик кызматтардын ишинде (meria.kg, e-meria.kg, «Менин шаарым» тиркемеси ж.б.) убактылуу үзгүлтүктөр байкалууда.

«СТБ» МИнин адистери система ишинин туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүшүүдө. Байланыш кызматкерлери менен биргеликте чабуулду талдоо жана кошумча коргоо чараларын иштеп чыгууда.