Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги транспорттук каражаттарды сатуу боюнча аукцион жарыялайт.
112 лоттон турган аукцион, 2025-жылдын 18-февралында саат 14:00дө өтөт, дареги: Бишкек ш., Чокморов көчөсү, 246. Арыз берүү 2025-жылдын 14-февралына чейин кабыл алынат.
Талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
1.Ачык аукционго катышуу ниетин билдирген жазуу жүзүндөгү арыз, ЛОТ номери көрсөтүлгөн;
2.Талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;
3.Талапкер юридикалык жактын жетекчиси экендигин тастыктаган документ же талапкердин атынан сүйлөшүүгө укук берген ишеним кат;
4.Кепилдик сумманы (аванс) төлөгөндүгү тууралуу төлөм документи.
Кепилденген сумманы которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:
Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти
Расчеттук эсеп: 4402062200010083
Банк: Кыргызстан Республикасынын Борбордук казынасы
БИК: 440001
Төлөм коду: 14511900
Максат: ДУМИ ИНН 00501201710120 аукционго катышуу үчүн кепилдик сумма, ЛОТ №_
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, муниципалдык мүлктү эсепке алуу бөлүмүнө кайрылсаңыз болот, телефон: 0(312) 35-33-89, 97 91 95(4225).