Бишкек шаарынын мэриясы коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция системасын ишке киргизди.
Жаңы система үй-коммуналдык кызматтар үчүн бардык төлөмдөрдү бир кагазда бириктирүүнү көздөйт, мисалы: суу менен камсыздоо, жылуулук берүү, газ менен камсыздоо, таштанды чыгаруучу кызматы жана лифттердин техникалык тейлөө кызматтары.
Бирдиктүү квитанцияларда бирдиктүү ELQR кодун көрсөтүүдө, ал төлөмдүн бардык маалыматтарын камтып, бир баскыч менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, төлөмдөрдү интернет-банкинг аркылуу жүргүзсө да болот.
Кымбаттуу шаар тургундары! Эгер бирдиктүү квитанция боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыз:
«Тазалык» МИ:
Ленин району: 34 50 41;
Октябрь району: 34 48 41;
Биринчи май району: 34 51 13;
Свердлов району: 34 47 33.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИ: 61 09 83, 61 11 14, 61 13 67, 61 11 69 же 1980.
«Бишкексууканал» МИ: 1533.
«Бишкекшаарлифт» МИ: 31 44 51.