2025-жылдын 13-январында 7-Апрель көчөсүндөгү авариянын, "Чыгыш-5" кичи районундагы жылуулуктун өчүрулүшүнө тиешеси жок.

Бүгүн, 2025-жылдын 14-январында, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы "Чыгыш-5" кичи районунда жылуулук тармагындагы эски бөлүктү алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук тармагына туташтыруу боюнча пландаштырылган иштерди улантууда.

Оңдоо иштери жыл бою бекитилген планга ылайык жүргүзүлөт, анын ичинде кыш мезгилинде да жасалат.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу келтирилип жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана сабырдуулук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.