Бүгүн, 2025-жылдын 13-январында, Сүймөнкул Чокморовдун музей-чеберканасында «Сактап алып бөлүш» аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Көргөзмө 2025-жылдын 31-январына чейин уланат.

Көргөзмөнүн автору – Табылды кызы Арууке, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин (КММИУ) студенти.

Көргөзмөгө материалдык жана руханий дүйнөнүн тең салмактуулугун чагылдырган 33 кара-ак фотосүрөт коюлган. Автор төмөнкү философиялык ойго көңүл бурат:
•физикалык дүйнөдө материалдык байлыктарды бөлүшүү аркылуу жоготуу сөзсүз болот;
•руханий дүйнөдө идеялар жана билим менен бөлүшүү, тескерисинче, адамдарды байытат.

Көргөзмө уникалдуу перформанс менен коштолот. Ар бир экспонаттын жанындагы QR-коддорду сканерлеп, коноктор автордун үнү менен философиялык контекстти угууга мүмкүнчүлүк алышат.

Перформанс 1,5 саатка созулат, ар бир ишке 3 мүнөткө жакын убакыт бөлүнгөн.

Бардыгыңыздарды искусство менен философиянын дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө, жаш таланттардын чыгармачылыгы менен таанышууга жана интерактивдүү кабыл алуунун өзгөчө тажрыйбасынан ырахат алууга чакырабыз!