Бүгүн, 13-январь күнү саат 15:30 га жакын Медеров көчөсүнүн түштүк тарабында 7-Апрель көчөсүндө суу түтүгү жарылды.
Учурда "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түтүктүн жарылуусун ыкчам жоюп, себебин аныктап жатышат.
Учурда жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо калыбына келтириле баштады.
Белгилей кетсек, бул участоктогу түтүктөр 1974-жылы пайдаланууга берилген. Түтүктөр 50 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат.
7-Апрель көчөсү Медеров көчөсүнүн түштүк тарабындагы жол кырдаалга байланыштуу жарым-жартылай жабылат. Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Ишкананын кызматкерлери шаардын түштүк бөлүгүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоону тез арада калыбына келтирүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп жатат.