Борбор калаанын коомдук транспортунда жол кире акысын төлөөдөн качкан шаар тургундарын аныктоо боюнча рейддер уланып жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы автобустардагы жүргүнчүлөрдөн накталай төлөм үчүн берилген талондордун жана накталай эмес жол менен төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм кагаздарынын бар-жогун текшерди.

Көпчүлүк жүргүнчүлөр акысын накталай төлөшкөнү менен, талон албай коюшууда. Мындан улам жүргүнчүлөргө билет алуунун маанилүүлүгү эскертилди, анткени билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн.

Эгерде төлөмдү ырастаган документ болбосо, КРнын Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-пунктуна ылайык, 1 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Урматтуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто жол кире акысын так жана өз убагында төлөөнү суранабыз.