Бүгүн, 2024-жылдын 10-январында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Джумабековдун төрагалыгы алдында «Таберик» залында муниципалдык мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана аларга жол бербөө боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын карамагындагы түзүмдөрдүн жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле шаардагы билим берүү мекемелеринин директорлору катышты.

Мэр, Садыр Жапаровдун демилгелеген саясатынын алкагында коррупцияга каршы күрөшүү иштери сапаттуу жана натыйжалуу деңгээлге жеткенин белгиледи.

«Биз каталарды оңдоого даярбыз, бирок уурулукка жана коррупциялык схемаларга жол бербейбиз. 2025-жылга пландарыбыз эки эсе көп, биз бул команда менен жакшы натыйжаларды көрсөтөбүз деп ишенем», – деп белгиледи Айбек Джунушалиев.

Салмоорбек Джумабеков өз сөзүндө муниципалдык мекемелердин жетекчилерин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле акыркы 4 жылдагы коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана жоопко тартылган адамдар боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Коррупциялык иштер аныкталган учурда, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын жаңыланган Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. Бул күнөөлүү адамды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан өмүр бою ажыратуу, эркинен ажыратуу жана мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды толук көлөмдө өндүрүү менен коштолот.