«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи партия бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын уругунан турган, алардан жакында өнүп чыгат. Кийинчерээк ишкананын кызматкерлери аларды чөйчөккө салып беришет. Эрежеси боюнча бул  ачык жерге отургузуу тамыр системасына зыян келтирбөө үчүн маанилүү.

Андан ары гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» МИнын адистеринин көзөмөлүндө ишкананын күнөсканаларында өстүрүлөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жай айларында борбор калаада 1 миллион 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт.