Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек ШИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте жеке менчик ташуучулар арасында "Парковка" рейди өткөрүлдү.
Батыш автобекети убактылуу "Ак-Кула" ипподромунун жанындагы участокко көчүрүлгөн. Убактылуу Батыш автобекетинин аймагында нарколог, автотранспорттун техникалык абалын текшерүү боюнча адистер бар.
Жаңы Батыш автобекетинин курулушу 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлөт.
Бирок, жеке ташуучулар өз ишмердүүлүгүн шаар ичинде улантууда, ал жерде унааны техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочулардын мас абалын текшерүү жүргүзүлбөйт.
Ошентип, эски батыш автобекетине жана Ош базарынын жанындагы Кулиев, Пушкин, Бобулов, Ростовская, Рыскулов көчөлөрүнө жакын жайгашкан жерлерлер текшерилди.
"Жол-транспорттук инфраструктура" МИ тарабынан Бишкек ШИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте 39 автомашина эвакуацияланган.
Ал арада "Ак-Кула" жаңы убактылуу автобекетинен Бишкек шаарын көздөй жана кайра артка кеткен жүргүнчүлөр үчүн №13, 40, 19 маршруттары уюштурулган.