Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан муниципалдык коомдук транспортко рейд жүргүзүлө баштады.

Иш-чаралардын жүрүшүндө шаардыктарды муниципалдык автобустар менен тейлөө сапатына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автобус жүргүнчүлөрүн отургузуу жана түшүрүү тартибине, коомдук транспорттун тазалыгына өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле уруксат берилбеген жерге токтогон айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, айрым муниципалдык автобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерден алып, түшүрүп, борбор калаанын жолдорунда тыгындарды жаратууда.

Мындан тышкары, коомдук транспорттордун тоскоолдуксуз кирүү жана чыгуусун камсыз кылуу максатында пилоттук режимде аялдамаларга атайын белгилер жана сигналдык мамылар орнотулууда.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка аялдамаларда да ушундай белгилер пайда болот.