“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы шаардагы бардык райондордо тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Административдик-аймактык реформа алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районуна өткөн Алма-Ата көчөсү эми толук жарыктандырылды.

Адистер көчөлөргө заманбап жарыктандырууну орнотуу боюнча ири иштерди бүтүрүштү.

Жибек-Жолу проспектисинен айланма жолго чейинки узун тилке, узак убакыттан бери жарыксыз болуп келген. Жарыктардын жоктугунан улам жол кырсыктары катталып, ал эми жергиликтүү тургундар кечинде эркин жана коопсуз жүрө алышкан эмес.

Долбоордун алкагында 170 заманбап, 200 Вт кубаттуулуктагы жарык диоддуу чырактар орнотулуп, алар 170 түркүккө бекем бекитилди. Система туруктуу иштеши үчүн 6000 метрден ашуун өз алдынча изоляцияланган зым тартылды.

Жарыктандыруунун салтанаттуу ишке киргизүү аземи Свердлов районунун акиминин орун басары Касымбеков Р. А. жана “Бишкекжарык” ишканасынын жетекчиси Токтогонов Э. Т. катышуусунда өттү. Алар долбоордун ишке ашырууда инфраструктураны жакшыртып эле койбостон, шаар тургундары үчүн коопсуздук жана ыңгайлуулукту арттырганын белгилешти.

Бишкек ар бир жаңы долбоор аркылуу жаркырап, ыңгайлуу, заманбап жана коопсуз шаарга айланууда.