“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмү менен биргеликте борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо жана туз себүү иштерин ыкчам жүргүзүүдө.

Ошентип, 2025-жылдын 8-январында саат 9:00гө карата 246 тонна өндүрүштүк туз керектелген.

Линияда болгону 71 бирдик атайын техника бар: 33 даана "МАЗ" базасындагы атайын техника, таштандыларды чыгаруучу агрегаты менен 4 HOWO, щеткалары бар 24 Беларусь трактору, щеткалары бар 4 "Бопкат" трактору, 2 алдыңкы жүктөгүч жана 4 универсалдуу унаа.

Белгилей кетсек, карды тазалоого жаңы атайын техникалар тартылып, ишкананын кызматкерлери тротуарларды, жолдун бордюрларын тазалоого тартылууда.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын аймагында карды тазалоо боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү 1850 жана 1840 телефондоруна чалып, ошондой эле 0554 182 185 (WhatsApp) номурлары боюнча сүрөттөрдү жөнөтүүнү суранабыз.