Борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды тосууга арналган чоң майрамдык иш-чара өттү.

Шаар тургундары жана борбордун коноктору 2025-жылды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев менен биргеликте тосту.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылда бакыт, амандык жана ийгиликтерди каалады.

Майрамдык концерт чогулган эл үчүн чыныгы белек болду. Сахнада орус эстрадасынын жылдыздары: популярдуу ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу чыгышты. Алардын жандуу чыгармалары элди энергияга толтуруп, эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулады.

Концерттик программадан кыргыз эстрадасынын сүйүктүү ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Сыймык Бейшекеев, Юлия Руцкая, Расул кызы Айгерим, Баястан, Бегиш, Бек Исраилов жана башка көптөгөн таланттуу аткаруучулардын чыгышы өзгөчө орун алды.
Алардын аткаруусу майрамдык маанайды улуттук көркөмдүк жана жылуулук менен толуктады.

Бул Жаңы жыл борбор шаардын жүрөгү болгон Ала-Тоо аянты жараткан өзгөчө атмосферасы менен эсте калды. Шаар тургундары жана борбордун коноктору жаңы жылды чогуу тосуп, жаркын келечекке болгон үмүттөрү менен бөлүштү.

2025-жыл ар бир адамга кубаныч, жаңы жетишкендиктер жана жаркын окуялар алып келсин!