Бишкек шаарында 2011–2012-жылдары туулган өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча салттуу ачык турнир өттү.
Турнир Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналат.
Турнирдин максаты Бишкек шаарында дзюдону жайылтуу, балдарды жана жаштарды дене тарбия жана спортко массалык тартуу, спортчулар менен машыктыруучулардын достук байланышын чыңдоо, ошондой эле катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана машыктыруучулар арасында тажрыйба алмашуу.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана КРнын улуттук дзюдо федерациясы уюштурду.
Турнирге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан эң мыкты жаш дзюдочулар катышты. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкү салмак категориялары боюнча аныкталат:
КЫЗДАР (32 кг):
1-орун – Ирина Степанова (Кодокан);
2-орун – Шамшибекова Нурайым (Чоң-Кемин);
3-орун – Элина Жумабаева (Чүй), Жумакадырова Аделина (Орловка).
ЖИГИТТЕР (35 кг):
1-орун – Асылбеков Айдар (РСК);
2-орун – Абдыманапов Билал (Жакып Баатыр);
3-орун – Аббас Курманбеков (Академия), Умар Рустамов (Академия).
Турнир жаш спортчулар үчүн өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө, тажрыйба алууга жана спорттук духту чыңдоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү окуя болуп калды.