Бишкек шаарында коомдук транспорттун тоскоолдуксуз кирүүсү жана чыгуусу үчүн аялдама комплекстерде пилоттук режимде атайын белгилер, сигналдык мамычалар жана тиешелүү жол белгилери орнотулду.
Биринчи этап Раззаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн ортосундагы Киев көчөсүндөгү аялдама комплексинен башталды ("Агропром"имараты).
Эми аялдаманын жанындагы атайын тилкеге муниципалдык автобустардан башка транспорттун түрлөрү кире албайт.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, ушул сыяктуу белгилер башка аялдама комплекстерине дагы орнотулат.