2024-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы жылдык программа даярдады.

Саат 18:00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында чоң майрамдык концерт өтөт.

Шаар тургундарын жана конокторун орус эстрадасынын жылдыздары – белгилүү ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу катышкан жагымдуу программа күтүп турат.

Мындан тышкары, кыргыз эстрадасынын сүйүктүү жылдыздары сахнада чыгып, майрамдын унутулгус атмосферасын түзүшөт.

“Ала-Тоо” аянты майрамдык жарыктары, музыкасы жана көңүлдүү шаңдары менен майрамдык маанайдын борборуна айланат. Үй-бүлөңүз менен, досторуңузду чакырып, Жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер!

Урматтуу шаар тургундары жана коноктор! Сиздерди 31-декабрь күнү саат 18:00дө “Ала-Тоо” аянтында күтөбүз. Бул түндү чындап сыйкырдуу кылабыз!

Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан 2025-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!