Бишкекте Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштеринин кезектеги этабы аяктады.
4000 тоннадан ашык таштанды чыгарылды (HOWO самосвалында болжол менен 214 сапар).
Кечээ, 27-декабрда өзгөчө кырдаал боюнча машыгуунун алкагында шаардын аймагында биринчи этап масштабдуу иштер башталды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев иштин жүрүшүн текшерип, шаардык кызматтарга аны көзөмөлгө алууну тапшырды.
27-28-декабрь күндөрү аталган жерге шаардык кызматтардан 30 экскаватор жана 55 HOWO самосвалы тартылган. Жалпысынан 85 бирдик техника. Анын ичинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары дагы тартылды.
Иш ондогон участоктордо бөлүнгөн жана биринчи жолу бардык муниципалдык ишканалардын катышуусунда жүргүзүлүп жатат: «Бишкек жашыл курулуш», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал», «Бишкек санитардык полигону", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканалары, Бишкек шаардык жол кайгуул кызмат башкармалыгы, ӨКМ, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы.
Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 км.
Келечекте шаар тургундарынын жана борбордун конокторунун эс алуусу үчүн дарыялардын жанындагы аймактарды жакшыртуу пландаштырылууда.
Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери мэрдин тапшырмасы менен 2024-жылдын жай айларында калктын коопсуздугун камсыздоо жана кыш мезгилинде муз тыгындарын алдын алуу максатында башталган.