Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаш бишкектиктерди келе жаткан 2025-жаңы жылы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана эсте калаарлык кышкы эс алууну каалады.

«Бүгүнкү жаңы жылдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун. Силерге ар дайым жарык маанай, бактылуу балалык, алдыга койгон асыл тилектериңер, таттуу кыялдарыңар ишке ашышын каалаймын»,– деп белгиледи калаа  башчысы.

Иш-чаранын катышуучуларына «Ысык-Көлдүн уламышы» аттуу жаңы жылдык жомок коюлду.

Иш-чарага 1100 бала катышты, алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетимдер, тоголок жетимдер, оор турмуштук кырдаалдагы балдар, саламаттыгына байланыштуу үйдөн окуган окуучулар, мыкты окугандар, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Концерттин соңунда бардык балдарга жаңы жылдык таттуу белектер тапшырылды.