2024-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча башталган ири иштерди текшерди.
Биринчи баскычта шаар башчысы Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен бирге Аламүдүн дарыясын көрүп чыкты.
Таңкы саат 6:00дөн баштап ишке 30 экскаватор жана шаардык кызматтарга караштуу HOWO маркасындагы 55 жүк ташуучу унаа тартылды. Жалпысынан 85 техника иштеп жатат.
Бул иштер биринчи жолу «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал», «Бишкек санитардык полигон», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка муниципалдык кызматтардын күчү менен жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 км түзөт.
Алдыдагы пландарда шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун эс алуусу үчүн дарыянын жээгин ыңгайлаштыруу иштери каралган.
Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери шаар башчысынын тапшырмасы менен 2024-жылдын жай айларынан башталып, калкка коопсуздук камсыздоо жана кышкы мезгилде суу ташкындарын алдын алуу максатында жасалууда.