Бишкек шаарындагы спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМнин 2024-жылдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында мыкты машыктыруучулар, кызматкерлер жана мектеп окуучуларынын жетишкендиктери белгиленип, ар кандай спорттук мелдештеринин жеңүүчүлөрү жана номинанттары сыйланды.
Иш-чаранын максаты–жылдык жыйынтыкты чыгаруу, таланттарды өнүктүрүүгө шарт түзүү жана балдарды, машыктыруучуларды, кызматкерлерди келерки жылдагы жаңы жетишкендиктерге шыктандыруу.
Сыйлангандардын арасында мыкты спортчулар эле эмес, спорт мектебинин өнүгүшүнө чоң салым кошкондор да бар.
Павел Константинович Митрофанов – Кыргызстандын баскетбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу жана ОРАБӨМнин ардагери. Анын зор эмгеги жана көп жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мектеп Олимпиадалык резерв макамын алган. Павел Константинович баскетболдун өнүгүшүнө жана келечектеги спортчуларды тарбиялоого эбегейсиз салым кошкон.
Жылдын мыкты машыктыруучулары:
•Анкудинов Андрей Владимирович;
•Уматалиева Гулбара Осмоновна;
•Грошева Наталья Анатольевна;
•Куштарбек кызы Айжан;
•Носков Егор Сергеевич;
•Бернацкая Вероника Васильевна;
•Анарбеков Келкел Анарбекович;
•Тыналиев Саламат Нурбекович;
•Айсаходжиев Абдухамид Халимович;
•Каримбердиев Замирбек Алимукулович.
Жогорку спорттук жетишкендиктерди көрсөткөн окуучулар да сыйланды. Алардын арасында мектеп лигасында мыкты дарбазачы аталган Диера Ураймова, ошондой эле Кыргызстандын окуучулар спартакиадасынын жеңүүчүсү, Москвадагы КЭС-Баскет Ачык Кубогунун коло байгесинин ээси Айдай Кубатбекова бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандагы эл аралык турнирде мыкты дарбазачы аталган Саит Нурахматов сыяктуу эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү да сыйланды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен спортчулар белгиленди.
Спорттук жетишкендиктердин арасында футбол, волейбол, бадминтон жана футзал боюнча ийгиликтер да көрсөтүлдү. Айрыкча спорттун чеберлигине талапкерлерге жана спорттук турнирлердин жеңүүчүлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.