Кышкы каникулдун алдында «Мурас-Ордо» конушундагы №99 орто мектептин базасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өттү. Жолугушууда суу сактагычтардын жанында кооптуу кырдаалдарды алдын алуу жана балдардын муз үстүндөгү коркунучтарын азайтуу маселелери талкууланды.

Иш-чара акимдин орун басары Айнура Арстамбекованын жетекчилиги менен өткөрүлүп, ага райондук прокуратуранын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, билим берүү башкармалыгынын, балдар иштери боюнча инспекциянын жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга жана алардын ата-энелерине суу сактагычтардагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Акимдин орун басары Айнура Арстамбекова ата-энелерди балдарына кышында суу сактагычтарга баруу кооптуу экенин түшүндүрүүгө, мындай жерлерге жакын барбоо экендигин дайыма эскертип турууга чакырды.