27-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы аянтта жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга карата даярдык жана коомдук тартипти сактоо үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын өздүк курамынын гарнизондук саптык кароосу өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жана анын орун басарлары катышты.
Иш-чарага 1500 милиция кызматкери жана 50 унаа тартылды.
Мэр Айбек Джунушалиев өз сөзүндө милициянын маанилүү ишин белгилеп, жаңы жылдык майрамдар учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча негизги тапшырмаларды койду. Ал милиция кызматкерлеринин ишине ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин жигердүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалап, милицияны өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоорун белгиледи.
Иш-чаранын соңунда шаардык милициянын жетекчиси Азамат Токтоналиев кызматкерлерге жарандарды сапаттуу тейлөөнү, айрыкча балдарды коргоону, коомдук жайларда тартип бузууга жол бербөөнү жана кызматтык тартипти сактоону талап кылды.
Маалымат катары, жаңы жылдык майрамдар учурунда шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, мыйзамдуулукту сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткарат.
Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.