Бүгүн, 2024-жылдын 27-декабрында, Кызыл-Аскерде жаңы курулган №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Курулуш иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, подряддык уюм катары «Нак Строй» ЖЧКсы иш алып барды.

Имараттын жалпы аянты – 1 402 м², жер участогу – 0,15 га.

Үй-бүлөлүк медицина борбору керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган. Үч кабаттуу жана жер төлөсү бар имарат 150 адамды кабыл алууга ылайыкталган.

Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган, электрдик жылытуу системасы орнотулду.

Белгилей кетсек, бул медициналык мекеме калкка баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган. Бул болсо, ар кандай оорулардын себебин өз убагында аныктоого шарт түзөт.