Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында райондук жаңы жылдык балаты өткөрүлдү.

Жаңы жылдык иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетимдер, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучулардын балдары, Апрель революциясынын катышуучуларынын балдары, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда калган, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган балдар катышты.

Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан кичинекей тургундарын Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт жана бардык каалоолору орундалышын каалады.

Жаңы жылдык таттуу белектер менен 2 325 бала камтылган, анын ичинен 1000 кичинекей тургун жаңы жылдык концерттик программага күбө болушту.