Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңештин курамы жаңыланды.

Кеңеш жаштар саясаты жаатындагы учурдагы абалды талдоого, жаштардын өнүгүүсүнө шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана активдүү жашоо образына колдоо көрсөтүү, жаштарды шаардын коомдук жана маданий турмушуна тартууга багытталган долбоорлорду демилгелөөгө жооп берет.

Консультативдик кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:
•жаштар саясаты жаатында маалыматтык жана кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
•жаштардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн мониторинг жүргүзүү, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
•жаштардын кызыкчылыктарына таасир этүүчү долбоорлор жана шаардын өнүгүү стратегиялары боюнча сунуштарды берүү;
•жаштарды жергиликтүү коомчулуктун социалдык, экономикалык жана саясий маселелерин чечүүгө тартуу;
•коомдук жана саясий лидерлер, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен ачык талкууларды, тегерек столдорду, семинарларды жана жолугушууларды уюштуруу;
•жаштар арасында антисоциалдык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
•жаштарды жарандык-патриоттук тарбиялоого көмөктөшүү, ошондой эле аларды маданиятка жана кошумча билим алууга тартуу;
•башка шаарлардын консультативдик кеңештери менен өз ара аракеттенүү.

Консультативдик кеңештин курамын шаардагы жогорку окуу жайлардын активдүү студенттери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери түздү.