Узап бара жаткан жылдын 31-декабрында, майрамдык түнү борбордогу коомдук транспорт түнкү саат 03:00гө чейин иштейт.

Күн сайын шаардыктарды тейлеп жаткан 56 каттам же 1200 бирдик толугу менен чыгат.

Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

Ошондой эле, унаа тыгындарын алдын алуу үчүн борбордун тургундарын жана меймандарын жеке унаалардын ордуна, коомдук транспортту колдонууга чакырат.