2024-жылдын сентябрь айынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келет.  

Туруктуу эскертүүлөргө жана түшүндүрүү иштерине карабастан, көптөгөн соодагерлер соода эрежелерин бузууну улантууда. Натыйжада,  25 протокол  түзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы  75 000 сомду түздү.  

Мындан тышкары, инспекторлор  397 жаранга  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.  

Рейддер күн сайын кечки саат 19:00дөн 23:00гө чейин жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында соодагерлер менен  157 келишим  түзүлүп, аларга атайын бөлүнгөн жерлерде  1 айлык мөөнөткө соода жүргүзүүгө уруксат берилди. Келишимдердин жалпы суммасы  2 405 000 сомду түздү. Соодагерлер  Биринчи май райондук администрациясы тарабынан берилген бейджиктерди  тагынып иш алып барышат.  

Муниципалдык инспекция Ала-Тоо аянтында тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерин мындан ары да улантат.