Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев балдарды куттуктап, балдарга чың ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.
Балдарга жаңы жылдык жомокту бий номерлери менен көрсөтүп беришти. Концерттен кийин кичинекей бишкектиктерге жаңы жылдык белектер тартууланды.
Майрамдык иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ЧАЭС катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин балдары, жетимдер жана жарым жетим балдар, 12 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептин тарбиялануучулар, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн эки реабилитациялык борбордон, 28 өкмөттүк эмес уюмдардан майыптыгы бар балдар балдар болуп, жалпы 1000 бала катышты.
Жалпысынан Бишкек шаарында шаардык жана административдик райондору боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 11836 бала жаңы жылдык белектер менен камсыз болот.