Бүгүн, 2024-жылдын 25-декабрында Чүй проспектисинде  диаметри 108 мм болгон  жылуулук түтүгүнөн ысык суунун агып чыгышы аныкталгандыктан, төмөнкү даректер боюнча турак үйлөрдө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат: Чүй проспектиси №115, 117, 119.

Өчүрүү саат 09:00дөн 17:00гө чейин уланат.

Белгилеп кетсек, бул участоктогу түтүктөр өзүнүн пайдалануу мөөнөтүн толук аяктап, толук капиталдык оңдоого муктаж.

Учурда оңдоо бригадалары иштеп, бузулуунун мүнөзүн жана так жайгашкан жерин аныктоо менен алектенишүүдө. Бардык оңдоо иштери күндүз жүргүзүлүп, жылуулук менен камсыздоо толук калыбына келгенче улантылат.

"Бишкек жылуулук тармагы " муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранат.