Мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери 10-сентябрда, ал эми Аламүдүн дарыясын тазалоо 13-ноябрда башталган.
Мындан тышкары, 30-октябрда Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун тазалоо иштери башталып, 10-ноябрда аяктаган.
Ала-Арча дарыясында жалпы узундугу 15 000 метр жер кол менен тазаланып, 3 000 метринде механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Ал эми Аламүдүн дарыясынынын узундугу 1100 метр болгон жери кол менен тазаланып, 950 метринде механикалык тазалоо жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, дарыялардагы механикалык тазалоо иштери экосистеманы олуттуу түрдө жакшыртып, жамгырлуу мезгилде суу каптоо коркунучун азайтат.