А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде шаарыбыздын кичинекей тургундары үчүн Свердлов районунун жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.

Жаңы жылдык спектаклди социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, жетимдер, тоголок жетимдер, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар – жалпы 3000дей бала көрө алды.

Райондун акими балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Балдар үчүн ар кандай цирк көрсөтүүлөрү уюштурулуп, оюн-зооктор жомоктогудай атмосфераны жаратты. Акробаттардын кызыктуу трюктары, кооз фокустары жана таң калтырган номерлери балдардын көңүлүн бурду. Жомок каармандары балдарды иш-чарага активдүү катышууга шыктандырып, майрамдык маанай тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда, район акиминин  атынан бардык балдарга таттуулардан турган белектер берилди.