Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы соттун чечиминин негизинде Жибек -Жолу проспектиси, 202 дарегинде мыйзамсыз орнотулган объектилерди алып салды.
Муниципалдык аймактан бошотулган объектилер:
•аянты 64,4 м² болгон кафе;
•металл менен тургузулган капиталдык тосмо, аянты 167 м²;
•аянты 54 м² болгон коомдук даараткана;
•эки күркө.
Натыйжада 314 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду, бул аймакты пайдаланууну жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, аталган аймакта чоң П-формасындагы жарнама щитин алып салуу менен, шаар чөйрөсүнүн визуалдык кабыл алуусун жакшыртууга көмөк көрсөтүлдү.
Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жерди пайдалануу жана муниципалдык кызыкчылыктарды коргоо жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылып, ишин активдүү улантууда.