"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Тиркемеде "мэрге кайрылуу" бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчет алышат.

Буга чейин мэр Айбек Джунушалиев пландык жыйында "Менин шаарым" тиркемесиндеги кайрылууларына өз убагында жана сапаттуу жооп берүүнү тапшырган.

Учурда мобилдик тиркемени активдүү колдонуучулардын саны 457,1 миңди түздү.

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде онлайн режиминде турак жай-коммуналдык чарба, транспорт блогу, аялдама комплекстери, эвакуацияланган автотранспорт каражатынын ордун аныктоо, салык төлөө, шаарды көрктөндүрүү ж. б. чөйрөсүндөгү бардык маселелер боюнча шаардыктардын кайрылууларын калтырууга мүмкүндүк берген функционал бар.