Мэр Айбек Джунушалиев административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган "Көк-Жар" муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы жаңы скверге барды.
Буга чейин бул жерде башаламан унаа токтотуучу жай болгон. Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен парктын курулушу бүткөрүлдү.
Эми досторуңуз, жакындарыңыз менен сейилдей турган дагы бир аянтча түзүлдү.
Бул жерде автоматташтырылган сугат системасы, отургучтар, кичи фонтан жана жарыктандыруу орнотулган.
Жаңы сквер-бул шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган меценаттар менен муниципалитеттин ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн мисалы.