Бүгүн, 2024-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарынын №17 шаардык китепканасында венгер адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, улуу акын Шандор Петефинин ысымын ыйгаруу аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана котормочу Толукбек Байзак, ошондой эле Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов катышты.
Ардактуу коноктор Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн жана Шандор Петефинин дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын белгилеп, сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын алкагында борборлоштурулган китепкана системасынын кызматкерлери улуу акындын чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде окуп беришти.
№17 шаардык китепканага Шандор Петефинин ысымын ыйгаруу эки элдин достугунун символу болуп, маданий жана адабий алакалардын өнүгүшүнө шарт түзөт.
Бул иш-чара ар кайсы элдерди жана маданияттарды бириктирген адабий мурастарды сактоо жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.