Бишкек шаарындагы «9 х 19» спорттук-ок атуу комплексинде ок атуучу куралдан практикалык ок атуу боюнча шаар чемпионаты өттү.
Иш-чарада катышуучулар 9х19 мм калибриндеги пистолеттен жана 9х19 мм пистолеттик калибриндеги карабинден атуу боюнча жарышышты.
Чемпионат Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти менен Кыргызстандын Ок атуу спорт федерациясы тарабынан уюштурулду.
PC Iron дисциплинасы боюнча эң мыкты мергенчилер аныкталды.
Жыйынтыгы:
Копылов Евгений Ю. – 1-орун, 100.00%, 412.7328 упай, категория: senior
Пантенков Олег В. – 2-орун, 96.98%, 400.2888 упай, категория: senior
Бахарев Константин Г. – 3-орун, 95.65%, 394.7806 упай
Чемпионат Бишкек шаарындагы спорттук иш-чаралардын арасында ордун таап, практикалык ок атуунун сүйүүчүлөрүн бириктирип, ок атуу спортуна болгон кызыгууну жайылтууга өбөлгө түздү.