Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында «Дарыкана наркоманиясынын алдын алуу» деген темада мектеп директорлору үчүн жолугушуу өттү.

Жыйын Свердлов районунун башчысынын орун басары Асел Садыкованын, тиешелүү кызматтардын, райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жана райондук мектептердин директорлорунун катышуусунда өттү.

Жаштар үчүн олуттуу коркунучтардын бирине айланган дарыкана наркоманиясынын көйгөйлөрү талкууланды.

Адистердин баяндамаларында   баңги заттардын таралышы, аларды мыйзамсыз колдонуу, мектеп окуучуларынын арасында көз карандылыктын алдын алуу сыяктуу маселелер козголду.

Ошондой эле, 2025-жылдын январь айынан баштап райондун бардык мектептеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын катышуусунда жолугушууларды өткөрүү пландалууда.