Бишкек шаарында “Билимкана Американ” мектебинде жаа атуу боюнча шаардык чемпионат өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.
Ар кандай курак категорияларынан келген катышуучулар бул кызыктуу спорттун ажырагыс сапаттары болгон өздөрүнүн тактыгын жана топтоо жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Жарыш жыйынтыктары:
Эркектер:
•Алтын медаль: Курсаналиев Улукбек;
•Күмүш медаль: Машен Эмирбек;
•Бронза медаль: Алманбет уулу Мухаммед-Ислам.
Айымдар:
•Алтын медаль: Бекбалиева Динар;
•Күмүш медаль: Канатбек кызы Диана;
•Бронза медаль: Шарбекова Асель.
2006-жылдан кийин төрөлгөн уул балдар:
•Алтын медаль: Алтыбаев Лутфулла;
•Күмүш медаль: Токтогонов Умар;
•Бронза медаль: Сайпиллаев Нематулла.
2006-жылдан кийин төрөлгөн кыздар:
•Алтын медаль: Далиева Дариха;
•Күмүш медаль: Асанова Саадат;
•Бронза медаль: Замирова Амина.
Чоңдор арасында микс:
•Биринчи орун: Мамыров Дастан жана Канатбек кызы Диана;
•Экинчи орун: Кулбатыров Рустам жана Шарбекова Асель;
•Үчүнчү орун: Осмоналиев Марат жана Бекбалиева Динар.
Юниорлор арасында микс (2006-жылдан кийин төрөлгөндөр):
•Биринчи орун: Алтыбаев Лутфулла жана Замирова Амина;
•Экинчи орун: Асыркулов Амирхан жана Далиева Дариха;
•Үчүнчү орун: Токтогонов Умар жана Айдарбекова Наиля.
Чемпионат спортчулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, жаштардын жаа атуу спортуна болгон кызыгуусун арттыруу үчүн маанилүү аянтча болду.