Бишкек шаарында 2024-жылдагы WINTER CUP турниринин алкагында бий спортунун шаардык чемпионаты өттү.

Иш-чаранын уюштуруучулары — ALEXIS бий студиясы, Кыргызстандын бий спорт федерациясынын колдоосу менен Бишкек шаарынын мэриясынын дене  тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти болуп саналат.

Мелдештин алкагында Бишкек шаар чемпионаты европалык жана латиноамерикалык программалар боюнча Жаштар+Улуулар категориясында өткөрүлдү.

Жарышка 500гө жакын спортчу катышып, эл аралык калыстар отурушту. Иш-чаранын негизги максаты — ден соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу жана бий спортун Бишкек шаарында өнүктүрүү.

Жаштар+Улуулар категориясында европалык программа боюнча алтын медаль ээси болуп Андрей Гусев жана Мээрим Женишбекова аттуу жуп чыкты, күмүш медалдарды Артем Саломатин жана Айбийке Айыпова жеңишти.

Латиноамерикалык программа боюнча алтын медалдар Артем Саломатин жана Айбийке Айыповага ыйгарылды, ал эми күмүш медалдарды Дмитрий Карпенко жана Иремниса Улаш жеңишти.

Бардык жеңүүчүлөр медалдар, грамота жана кубоктор менен сыйланышты.