“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунда коллектордук жана дренаждык тармактарды кол менен жана механикалык тазалоо иштерин улантууда.

20-декабрга карата Биринчи май району боюнча 37 131 погон  метрге жакын, ошондой эле Свердлов району боюнча 22 131 погон  метр тазаланды.

Учурда Калыс-Ордо конушундагы, ошондой эле Ак-Босого конушундагы коллектордук жана дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Көлмө конушу, мындан тышкары Бакай-Ата конушунда жана Ак-Тилек, Ак-Тилек 2 конуштарында да иштер жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жылына эки жолу жүргүзүлөт. Негизги иштер Биринчи май жана Свердлов райондорундагы конуштарга багытталган, анткени бул аймакта табигый жер астындагы суулардын деңгээли жогору. Канал тилкелерин көбүнчө камыш жана ылай басып кеткен.

Жабык коллектордук-дренаждык тармактардын нормалдуу иштешинин негизги көйгөйлөрү болуп аларга жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз кошулуу саналат, алар тиричилик таштандыларын агызып, тармактарды системалуу түрдө жаап коюшат. Ошондой эле дренаждык түйүндөр жайгашкан аймактарга өз алдынча тосмолор орнотулуп, скважиналарды жаап турган капкактардын уурдалышы да жумушту татаалдантууда.

Урматтуу жарандар! Ирригацияга тоскоол болбоону, муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз.