2024-жылдын 17-20-декабрь күндөрү Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында республикалык кышкы «Мен чемпион» оюндары өткөрүлдү.
Мелдештерге 120 жаш спортчу катышты, алардын ичинде С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн (биатлон бөлүмү) 12 өкүлү катышты.
Оюндар кышкы олимпиадалык спорттун түрлөрүн жайылтууга, балдар-өспүрүмдөр спорту боюнча аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаштар арасында дени сак жашоо образын калыптандырууга, ошондой эле мыкты спортчуларды аныктоо жана колдоо максатында уюштурулду.
Мелдештердин жыйынтыктары:
2013–2014-ж.т. балдар жана кыздар арасында:
•Жумалиева Саара – 2-орун;
•Чокаев Хаджи – 2-орун.
2011–2012-ж.т. балдар жана кыздар арасында:
•Чокаев Тимур – 1-орун;
•Токтосунова Карылгач – 2-орун;
•Жумалиев Саид – 2-орун;
•Саралаева Сезим – 4-орун;
•Токтосунова Аймин – 5-орун.
2009–2010-ж.т. балдар жана кыздар арасында:
•Таалайбекова Бахиана – 1-орун;
•Белекбаев Алишер – 3-орун.
2007–2008-ж.т. балдар жана кыздар арасында:
•Саралаева Мадина – 1-орун;
•Жумалиев Нурислам – 1-орун;
•Сапарбеков Бектур – 2-орун.
Республикалык «Мен чемпион» кышкы оюндары ар кайсы аймактардан келген жаш спортчуларды бириктирген, Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жана келечектеги чемпиондорду даярдоодо жаңы салттарды калыптандырган ийгиликтүү мелдештердин жаркын үлгүсү болду.