Мэр Айбек Джунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрдү. Тактап айтканда, Октябрь районунда иштин начардыгы белгиленди.
Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь районунун участогунун башчысы тартиптик жаза алышты.
Калаа башчысы базадан алыскы райондордо карды убагында тазалоо жана инерттүү материалдарды ыкчам чачуу максатында, башка коммуналдык кызматтардын базасына ишкананын атайын техникасын бөлүштүрүүнү тапшырды.
Мэр коммуналдык ишканалар жаңы техникалардын келишин эске алуу менен иштөө ыкмаларын жана иш алып барууларын өзгөртүүсү зарылдыгын белгиледи.
«Быйыл биринчи жолу атайын техникаларды алууга 1 млрд сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө олуттуу сандагы техникалар келип, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Демек, тейлөө жакшы натыйжаларды жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында сезилерлик өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү керек», - деп баса белгиледи мэр.
Кечээ, 20-декабрда борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоого "Тазалык"муниципалдык ишканасынын 700 кызматкери чыкты.
21-жылдын 2024-декабрынын таңына карата 634 тонна техникалык туз сарпталды.
Линияда "МАЗ" базасында 28 даана атайын техника, 4 даана СКП, Щеткалары менен 24 "Беларусь" трактору, Щеткалары менен 4 "бопкат" трактору, 2 даана фронталдык жүктөгүч жана 4 универсалдуу коммуналдык машина иштеген.