Бишкекте мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин Орто-Сай жана Аламүдүн базарларына текшерүүсү уланууда.
Базарларда башаламан сооданы жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Муниципалдык инспекция тарабынан «Орто-Сай» базарындагы 353 түйүн жоюлуп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы суммасы 509 000 сомго 66 протокол түзүлдү.
Башаламан соодадан бошогон тилкелерден 11 даана атайын техника таштанды чыгарды. Иш "Тазалык" МИси менен биргеликте жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, имараттардын фасаддарын талаптагыдай абалга келтирүү, ошондой эле айлана-тегеректе тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча 5 буйрук чыгарылган.
Тамак-аш сатуучу жайлардын санитардык нормалардын сакталышы боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык борбору тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөнүнө карабастан, жумушчулардын басымдуу бөлүгү эскертүүлөргө жана жазылган протоколдорго көңүл бурбай жатышат. Буга байланыштуу бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Орто-Сай базарынын ээлери менен жолугушуу өттү. Электр кабелдерин талаптагыдай абалга келтирүү боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле базардын көркүн бузган жарнамалык көрнөктөрдү демонтаждоо маселеси талкууланды.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев мыйзам бузуулар өз убагында жоюлгандыгын эске салды. Болбосо, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мажбурлоо чаралары көрүлөт.
Андан кийин Аламүдүн базары текшерилди. Муниципалдык инспекция да ушундай эле күнүмдүк рейддер аркылуу стихиялуу соодага бөгөт коюуда. Бузулган фактылар боюнча КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 92 000 сомго 13 протокол түзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаасы базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигин текшерди. Атайын техниканы өткөрүүдө эч кандай тоскоолдуктар байкалган эмес.
Рейддин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы борбор калаанын башчысы Айбек Джунушалиевдин катуу көзөмөлүндө.