Эгерде бир үйдө же батирде чындап жашагандардын саны өзгөрсө, Бишкек шаарынын мэриясы абоненттерди кайра эсептөөгө даяр.
Бул үчүн жарандар коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын бирине барып, Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын №146 токтому менен бекитилген "Жашаган жери боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алуунун тартиби жөнүндө" жобого ылайык, иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды бериши керек.
Өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү уюмдар жарандардан иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алгандан кийин башка уюмдарга маалыматтарды жөнөтүшөт.
Жогоруда аталган Жобого ылайык, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр үйдө же батирде иш жүзүндө жашаган адамдардын санына жараша алынаарын эскертебиз.