Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан инвентаризациялоонун жүрүшүндө Аламүдүн паркынын аймагында уруксат берилбеген объект (кафе) аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган объект Будённый жана М.Жалил көчөсүндөгү Аламүдүн паркын реконструкциялоо планына киргизилген эмес. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мекеменин ээси өз ыктыяры менен объектти демонтаждоо милдетин алган.

Ошентип, 2024-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыровдун катышуусунда объект менчик ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалууда.

Натыйжада 200 чарчы метр жерди ээлеген муниципалдык жер бошотулган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Аламүдүн базарынын аймагындагы уруксат берилбеген 17 объект демонтаждалган. Жибек-Жолу проспектисинде 10 жеңил типтеги объект жана Будённый көчөсүндө 7  объект тиешелүү уруксат документтери жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузган.