2024-жылдын 20-декабрында "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын жыйындар залында Энергетиктер күнү жана Кыргызстандын энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жыйында Бишкек шаардын мэрин орун басары Таалайбек  Байгазиев, “Бишкек жылуулук тармагы” МИнин директору Уран Раимбеков жана профсоюз комитетинин төрайымы Динара Турдубаева куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Сүйлөгөндөр энергетиктердин эмгеги өлкөнүн энергетика тутумунун туруктуу иштешине кошкон маанилүү салымы экенин белгилешип, алардын экономикага жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга кошкон үлүшүнө токтолушту.

Иш-чаранын алкагында өз кесибинде жогорку профессионалдуулук көрсөткөн жана ишинде чоң ийгиликтерге жетишкен компаниянын кызматкерлери ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

ооооо