Бүгүн, Бишкек Жылуулук электр борборунда Энергетиктер күнүн жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Майрамдык салтанатка Бишкек шаарынын мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетика комплекси башкармалыгынын орун басары Мирлан Энназаров, “Бишкек ЖЭБ” МИ директору депутат Нургазы Курманбеков жана ишкананын жетекчисинин орун басарлары катышты.

«ЖЭБ жамааты өзүнүн талыкпаган эмгеги менен борборубуздун энергетикалык жана жылуулук коопсуздугуна салым кошууда», - деп куттуктоо сөзүндө Бишкек шаарынын мэринин орус басары Талайбек Байгазиев белгиледи жана бардык кызматкерлерге кыйынчылыксыз иштөөнү каалады.

Директор Нургазы Курманбеков куттуктоо сөзүндө ишкананын ар бир кызматкери ишкананын ишине баа жеткис салым кошуп жатканын белгилеп, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына туруктуулук жана түгөнгүс энергия каалады.

Ошондой эле, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.